Солтон-Сарыда жергиликтүү бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бүгүн ал жерге биринчи вице-премьер барат

Солтон-Сарыда жергиликтүү бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл менен сүйлөшүү үчүн барат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кечээ, 5-августтан тарта кен чыккан жерден кете элек.

5-августта Солтон-Сарыда кен казган кытай компаниясына жергиликтүү тургундар барышкан. Алар компаниянын кызматкерлерин чыгып кетүүсүн талап кылган. Чогулгандар компанияга барганда ортодо пикир келишпестик орун алып, жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргыткан. Чогулгандар талабы аткарылмайынча Солтон-Сарыда болуп, тынчтык митингин улантабыз дешти.

Солтон-Сарыда кытайлык ишкерлер менен жергиликтүүлөр бири бирине таш ыргытышканы маалымдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан