Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коллегиялык жыйында бир катар, анын ичинде ушул жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салыктык карыздарды өндүрүү жана башка маселелер каралды.
Өкмөт башчы белгилегендей, учурда бюджетти аткарууда чоң кемчиликтер жана көйгөйлөр бар. Өткөн жылы бул көрсөткүч ашыгы менен аткарылган.
"Бүгүнкү күнгө карата көрсөткүчтөрдү эске алуу менен чече турган маселелер бар деп айтууга болот. Биз өкмөт аларды чечүү үчүн тиешелүү көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Ошону менен бирге коюлган милдеттерди аткара албай жаткан шаардык жана аймактык салык кызматтарынын жетекчилеринин ишин деталдуу карап чыгуу керек. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык кызматтары камсыздай алышкан жок", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал Кыргыз мамлекети салык тутуму башка өлкөлөрдөн болжол менен бир нече жылга артта калып жатканын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр патенттер тутумун кайра карап чыгууну сунуштады. "Көптөгөн ресторандар, оюн-зоок жайлары бюджетке көп акча төлөшү керек, бирок алар эмнегедир патент менен иштешет. Патенттер тутумун кайра карап чыгуу зарыл. Демек, алар кыйынчылыксыз эле, жеңил акча таап жатышат. Бул адилетсиздик деп эсептейм. Салыктык чегерүүлөр иштеп тапканына жараша болушу керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы эске салгандай, алдыда пенсия жана мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Буга байланыштуу бюджетти аткаруу боюнча маанилүү милдет турат.