Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушат.
Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктайт.
ИИМдин маалыматына ылайык, азыркы учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат. "Мыйзамга ылайык, туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Чогулгандардын саны 300гө жакын жашоочуларды түзгөн. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди. Аталган факты Нарын ОИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда абал туруктуу.