5-августта Солтон-Сарыда эл чогулуп, алтын казып жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотуусун талап кылган. Мындан улам жергиликтүү калк менен кытай жумушчуларынын ортосунда пикир келишпестиктер орун алып, бири-бирине таш ыргытып жаңжал чыккан.
Окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет сайттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын Солтон-Сары алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылтпоого чакырды.
“Видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратышы мүмкүн. Ошондой эле инвесторлор менен "Zhong Ji Mining" компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын мамилеси улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу ыктымал.
Буга байланыштуу УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну жараткан маалыматтарды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлорго эскертүү берерин билдирет”, - деп жазылат маалыматта.