6 айда 15 миллиард 240 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген план 95,3 пайыз аткарылган же 750 миллион 200 миң сом кем түшкөн. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүү 199 миллион 700 миң сомго көбөйдү. "Ошол эле учурда жарым жылдын ичинде пайда болгон 750 миллион 200 миң сом суммасында толук чогултулбай калган камсыздандыруу төгүмдөрү июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 79 миллион 700 миң сомго кыскарган. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөр бир катар аймактык салык органдары тарабынан камсыздалган эмес. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы, Ысык-Көл, Панфилов, Жайыл, Чоң-Алай, Базар-Коргон, Ак-Суу, Бакай-Ата, Чаткал, Ат-Башы, Москва, Ысык-Ата, Түп, Сузак, Кара-Буура, Манас, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Ак-Талаа райондору, Токмок, Майлуу-Суу, Нарын, Балыкчы шаарлары боюнча салык органдары", - деп жазылат маалыматта.