Саат 8:30га карата Бишкек-Нарын-Торугарт жолу ачык турат

Бүгүн, 7-августта саат 8:30га карата Бишкек-Нарын-Торугарт жолу ачык. Учурда Он-Арча айылында 5-6 боз үй тигилип турат. Кечээ Солтон-Сарыдан чыккан жергиликтүү жашоочулардын айрымдары Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабуу үчүн Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан