Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Экспорт бөлүмүнүн башкы адиси Анаркүл Беккулиеванын Кытайга иш сапары менен барары чуу жараткан. Бул окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, комиссиянын жыйынтыгы дале чыга элек. "Бүгүн же эртең жыйынтык чыгып калат. Беккулиева 1-августтан тарта эмгек өргүүсүндө жүрөт. Комиссиянын мүчөлөрү аны менен байланыша албай жатат. Телефондору өчүк болууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Ал эми интернетке тараган документ тууралуу дагы комиссиянын жыйынтыгы менен айтыла турганын билдиришти.
Депутат Эльвира Сурабалдиева экспорт бөлүмүн башкарган адис Беккулиеваны Кытайга бекер иш сапарга жөнөтүш үчүн министр Эркинбек Чодуев министрдин орун басары деп расмий катта жалган жаздырткан деген пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.