Футзал боюнча өлкө чемпиону Оштун "EREM" командасы клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда кытайлык "Shenzhen Nanling Tielang" клубуна 3:8 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайтына жарыяланды.
Беттештин биринчи бөлүгүндө эсеп 1:2 болгон. Экинчи бөлүктө "EREM" командасынын коргоочулары кетирген каталарынын айынан кытайлыктар 6 топ киргизүүгө жетишкен.
"EREM" А тайпасында Таиланд, Корея жана Кытайдын чемпиондору менен ойной турганы белгилүү болгон. Тайпадагы дагы бир беттеш Таиланддын “Port” жана корейлик “Star Fs Seoul” клубдарынын ортосунда болмокчу. Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30га белгиленген.
Клубдар арасындагы Азия чемпиондугу бүгүн, 7-августта Таиландда башталды.