Бүгүн, 7-августта Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинде 9 боз үй тигилгендиги маалымдалган. Бүгүн да аталган аймакка эл топтолду. Ар бир аймактан келгендердин арасында өздөрүнүн активисттери бар. Эртең менен алар боз үйлөрдүн бирине кирип, өз ара кеңешме өткөргөн. Андан соң топтолгондор ал жактагыларды спирттик ичимдиктерди ичүүдөн, провокациялык аракеттерди жасоодон алыс болууга чакырган. Учурда Солтон-Сарыда абал туруктуу.
SUPER.KG порталы эл топтолгон Солтон-Сары алтын кенине бийиктиктен көз чаптырды.