Бишкекте оюн аянтчасына курулуш компаниясы тарабынан коюлган тосмону жергиликтүү тургундар бузушту

Бишкектеги Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган тургундар оюн аянтчасындагы темир тосмону талкалап, бузушту. Алардын тосмону бузуусуна "Онурхан" жана “TS Group” курулуш компанияларынын оюн аянтчасынын ордуна үй куруу планы себеп болгон. Жергиликтүү жарандар социалдык тармактарга балдардын оюн аянтчасын буздурбай сактап калуу үчүн кайрылууларын жарыялап жатышат.

“Бир нече жылдар бою "Онурхан" ЖЧКсы жана “TS Group” курулуш компаниясы көп кабаттуу имарат куруу үчүн балдар аянтчасын жана паркты алууга аракет кылып жатышат. Жардам бериңиздер, балдардын келечегине кайдыгер карабайлы”, - деп жазган Адилет Асанкожоев аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми Гүлзада Шаршеналиева өзүнүн Фейсбук баракчасына аталган окуя боюнча төмөнкүдөй пост жарыялады.

“Элибиз тынчыса, бейпил жашоо болсо деп тиленип жатсак, жеке менчик коопсуздук кызматынын эр азаматтары кары-картаңдарга, балдарга кол көтөрүп, сабап жатышыптыр. Мыйзамсыз курулуштар үчүн элди сабай баштаганы акылга сыйбаган көрүнүш”, - деп жазды.

Жергиликтүү тургундардын тиешелүү жактарга кайрылуусунан майнап чыкпагандыктан, алар тосмону өз алдынча бузууга мажбур болушкан. Буга чейин дагы кошуна үйлөрдүн тургундары менен компания кызматкерлеринин ортосунда бир нече жолу пикир келишпестиктер болуп келген.

Бишкектеги Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган тургундар балдар аянтчасындагы тосмону бузушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mister_akkuu
2019-08-10 13:19:18
Акча-акча
0
gute
2019-08-10 14:13:12
Бийлик элдин унун укпай калышканбы не? Жергиликтуу Элдер менен кенешип чечим чыгарыш керек. Чондор оздорунун фирмасы, бизнеси онугуш учун жанталашып жатышат. Солтон-Сарыда, Кочкордо уран кени боюнча ызы-чуулар ушул себептердин айынан болду
+4
Murok
2019-08-10 14:13:53
gute,туура айтасын
0
Murok
2019-08-10 14:15:22
апей бул жаманбаев токтоналиев кочосу турбайбы, ал жерде оюн аянтчасы канча жылдан бери бар да, акча деп олуп кетсенер эжкен чондор ииииии
0
Murok
2019-08-10 14:18:40
алдагы уй Оргтехстрой без разрешения соответствующих органов деп айтып жатышат эле го ал эмне болду, жаштар уй алалы деп айлап жылдап эмчектеги балдарын таштап иштеп кетип жатышат, а бул жакта курсактуулар 50-60 квартира алып минтип жашап жатышат. Жок дегенде жаш уйбулоолорго ипотека арзаныраак кылып койсо тентибей журот эле го балдарын томсортпой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан