Сауд Арабиясынын Мекке шаарына ажылыкка барган 3 Кыргыз зыяратчысы каза болду. Мындай маалыматты Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Каза болгон зыяратчылардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилди" деди маалымат кызматынан.
Сауд Арабиясы быйыл Кыргыз зыяратчылары үчүн 6 миң 10 орун бөлгөн. Кыргыз зыяратчыларынын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек-Медина багыты менен учуп кетишкен.