Бүгүн, 12-августта президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашты.
Түркиянын башчысы кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.