super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу: "Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген жалган маалыматтарга ишенбегиле! Ал баштыкта документтер болгон жана алар менде"

 

"Курсан Асанов алды деген баштык менде" мындай билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына КСДПнын жактоочусу Замир Жоошев калтырды.

"Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген жалган маалыматтарга ишенбегиле! Ал баштык Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёвго берилиши керек болчу. Анын ичинде алтын же баалуу нерселер эмес, Алмазбек Атамбаевди тергөөдө укуктарын коргой турган документтер болгон.

8-август күнү үйдөн чыгып баратканда Атамбаевдин жан сакчысы баштыкты жанына алган. Кийин баштык УКМКнын аймагына киргизилген, ал жакка Атамбаев, Кундуз Жолдубаева жана мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери да кирген. Атамбаев УКМКда калган, ал эми жан сакчы менен Кундуз Жолдубаева ИИМге алынып келген.

Ал түнү, 8-августта мен Жолдубаеванын көрсөтмө берүүсүнө катышуу үчүн ИИМге келгем. Ошондо ал документ салынган баштык Кундуздун жанында болчу. Сурактан кийин баштык Сергей Слесарёвго өткөрүлүп берилген. Кечээ ага жолугуп баштыкты алдым. Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген маалымат жалган", - дейт жактоочу.

Айта кетсек, кечээ Курсан Асанов баштыктарга байланыштуу тарап жаткан видео боюнча "Күтө тургула, чындык өзү чыгат" деп билдирүү тараткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 12 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 12) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
130012;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: