Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен” компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Замира Ибрагимова айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев миллион доллар акчаны өзүмдүк кылып алганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал бир канча маалымат каражаттарына билдирди.
“2007-жылы аталган компаниянын директору Эркинбек Чодуевге пахта даярдоо үчүн 1 миллион 500 миң доллар акча берген. Анда Чодуев “Лиматекс пахта корпорациясынын” директору болгон. Келишимдеги милдеттер аткарылбай Чодуев акчаны кайтарып берген эмес", - деп билдирген.
Министр Эркинбек Чодуев бул факт боюнча 2011-жылы февраль айынан бери тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөнүн айтты. “Анын жыйынтыктары боюнча Жогорку Соттун токтому чыгып, ага ылайык Ош облусунун райондор аралык сотунун "Коттон-Оушен" ЖЧКсынын доо арызынын канааттандырылбагандыгы жөнүндөгү чечими күчүндө калтырылган. Ибрагимованын өзүнө карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Аны тастыктаган документтер кошумча берилет", - дейт ал.
Чодуев ага карата каралоо жүрүп жатканын айтып, мунун артында тургандарды сотко берерин билдирди.