Бишкектеги №6 номерлүү автобустун каттамы өзгөрдү. Буга шаар тургундарынын кайрылуусу себеп болгонун Бишкек мэриясынан кабарлады. Тагыраагы, тургундар автобустун каттамын Туңгуч кичи районуна чейин узартууну суранган.
"Тургундардын кайрылуусу канааттандырылып, автобустун каттамы өзгөрдү. Көк-Жар айылынан чыккан автобус Туңгуч кичи районуна чейин барат. Буга чейин жүргүнчү ташыган №6 номерлүү автобустар Ак-Ордо - Көк-Жар багыты боюнча каттап келген", - деп жазылат маалыматта.
Автобустардын каттамы боюнча суроо жаралса, төмөндөгү номерлер аркылуу байланышса болот.
Байланыш номерлер: 0(312) 53 48 24, 0(312) 53 18 17.