Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова район башчылары, шаардык аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Куловдун катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйында райондун борборлорунда жарандар кеңеш ала турган кеңселердин ачылышы сунушталды. Ал жактан ар бир адам адистерден юридикалык жардам алууга мүмкүн боло тургандыгы тууралуу дагы сөз болду. Кандайдыр бир кырдаал болуп кетсе, жарандар өзүн жана мүлкүн коргоону билбей тургандыгы айтылып, аны алдын алуу жолдору сүйлөшүлдү.

Ошондой эле шаар бийлиги жарандарды мыйзамсыз жана шектүү иш-чараларга катышпоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан