Президент "Бишкек" эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар ата мекендик ишканалардын иши менен таанышты

"Ата Мекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу - мамлекеттик органдар менен бизнестин биргелешкен милдети" деп бүгүн, 15-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Бишкек" эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар ата мекендик ишканалардын иши менен таанышканда билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы өндүрүштүк процессти, чыгарылган продукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту.

"Салкын" ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты. Чыгарылган продукциялардын көп бөлүгү Казакстандын жана Орусиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 адам жумуш менен камсыз болгон.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаяк шымдарды чыгарган "Пейванд" ЖЧКсынын иши менен да таанышты. Мында 18 адам иштейт, продукциялар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө Орусияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жөнөтүлөт.

Андан соң президент айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү "Корона" ЖЧКсынын ишканасына барды. Ишканада 15 адам эмгектенет. 2019-жылдын биринчи жарымында чыгарылган продукциялардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан.

Мамлекет башчысы бул ишкананын социалдык багыттагы ишкана экенин канааттануу менен белгилеп, өндүрүлгөн продукциянын сапаты өлкөнүн региондорун таза суу менен камсыз кылуунун сапатына тикелей таасир эте турганына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен маектешүүнүн жүрүшүндө инвестицияларды, заманбап технологияларды тартуунун жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

Ишкерлер тарабынан айтылган бардык көйгөйлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар бериле турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Chungyz
2019-08-15 18:42:10
Дежурный жерлерге барганды токтотуш керек жаны нерсе ойлоп табса болбойбу
+2
Bektur2011
2019-08-15 19:45:41
Chungyz,Кандайча дежурный жер? Мамлекетке миллиондргон салык толоп, жуздогон адамдарды жумуш менен камсыз кылган жер сага дежурный болуп калдыбы?
+1
Bars88
2019-08-15 19:00:29
СЭЗ Бишкекте кытайлар иштеп ошолор байып атпайбы.Каяктагы атамекендик товарлар
+3
Bektur2011
2019-08-15 19:46:23
Bars88,баары бар ал жакта. Кыргыздын келечеги учун иштеп жатат
0
altyn-kumush
2019-08-15 19:42:42
СЭЗ бул салыксыз иш жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу жер
0
Bektur2011
2019-08-15 19:46:53
Жээнбеков туура жолдо баратат. Буйруса Кыргыздарды ушул киши которот
-1
Absamat-90
2019-08-15 19:52:20
Иштегенди да көралбастык кылып турасыңар. Жээнбек эң жакшы иш билги адам экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан