Курсан Асановдун ордуна келген ички иштер министринин орун басары Памирбек Асановдун өмүр баяны

Ички иштер министрлиги Курсан Асановдун ордуна келген ички иштер министринин орун басары Памирбек Асановдун өмүр баянын жарыялады.

Милициянын полковниги Памирбек Асанов 1964-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Полтовка айылында туулган. Билими жогорку. Кесиби боюнча юрист. 1990-жылы СССРдин ИИМдин Волгоград Жогорку тергөө мектебин аяктаган.

  • 1982-1985-жылдары Мурманск облусунун Североморск шаарындагы Аскердик деңиз флотунда кызматта, бөлүмдүн командири;
  • 1986-1990-жылдары СССРдин ИИМдин Жогорку тергөө мектебинин курсанты;
  • 1990-1992-жылдары Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын ИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 1992-жылы Чүй облусунун Калинин РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 1993-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкармалыгынын Экономика жана коррупция чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмдүн тергөөчүсү;
  • 1993-1994-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын башчысынын орун басары;
  • 1994-1995-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын башчысы;
  • 1995-1997-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
  • 1997-1998-жылдары Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • 1998-1999-жылдары Чүй ОИИББинин ЭКККБнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
  • 1999-2000-жылдары Чүй ОИИББинин КККБнын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
  • 2000-жылы Чүй ОИИББинин ЭКККБнын ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
  • 2000-2003-жылдары Чүй облусунун Сокулук РИИБинин башчысынын иликтөө боюнча орун басары;
  • 2003-2005-жылдары Бишкек ШИИББинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2005-жылы Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2005-2008-жылдары Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары, ал Чүй ОИИББининТергөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2008-жылы Чүй ОИИББинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары;
  • 2008-2010-жылдары Ош ШИИБинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары;
  • 2010-2011- жылдары Ош ШИИБинин башчысы;
  • 2011-2016-жылдары Бишкек ШИИББинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016-2017-жылдары Бишкек ШИИББинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018-жылдары Бишкек ШИИББинин карамагында (штаттык уюштуруучулук кыскарууга байланыштуу);
  • 2018-2019-жылдары КИИМдин Тергөө кызматынын башчысы;
  • 2019-жылдын 13-августтунда ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
souza.j
2019-08-15 21:17:27
Замдык орун жалан Асановдорго буйруган экен да.
+13
Bektur2011
2019-08-15 22:01:02
Курсан Асановго караганда жакшы иштеп кетет деп ойлойм
-2
Absamat-90
2019-08-15 22:03:39
Эми чыныгы өз ишин билген инсан келген экен, ийгилик!
-2
JENTLEMAN
2019-08-15 22:44:48
Чыныгы ички иштер кадры экен, жаллаң тергөөдө иштептир, эми ишин билген кадр келдиго, неси болсода Кашкардын досуда)).
+4
Catti-80
2019-08-15 23:36:13
Мактап эле атат
+3
mirkaa5182
2019-08-16 00:01:27
Асановдүн өмүр баяны түзүк эле көрүнөт, эми иштеп кетет деп үмүт этип турайлы.
+1
toktor89
2019-08-16 00:36:35
Охоо опыт гоо мол экен бирок сатылбаса жакшы.
Сатылат деп корком
+3
make2
2019-08-16 01:34:31
Башка сайттарда Раим милиондун бажасы или кудасы деп журотко ошол жонундо да жазсанар
+3
Aikaaaa
2019-08-16 01:39:21
make2,кудасы экен, Раимдин эжеси менен бул киши куда экен
+2
mirlan_kdm
2019-08-16 03:22:23
Курсан Асанов патриот!!! Эгер ал болбогондо Атамбаевти кармай албайт эле шакал Кашкар. Сайттарда видеолордон корунуп эле турбайбы ким кандай жол тутканы?! Асанов Атамбаев менен суйлошуп жатканга Кашкар сыртта жургон. Кашкардын коро албастыгы бул. Эгерде Курсан Асанов менен Мелис Мырзакматов болбогондо 2010-жылы Ошто жаман болмок. Ошол экоо тынчтыкты тартипке салып калган. Ар кимдикин жалай бербей ким патриот ким жаламай экенин билип жазсанар. Азыр бийликте саткындар чогулуп алды патриоттор жок
+10
Krai
2019-08-16 06:51:21
Курсан Асанов Атамбаевди кармап чыккандан кийин ойлогом " Аа Курсан Асанов дагы которулот экенсинда " деп... Аа Корсо иш тескерисинче болуп кетти го. Кашкар Жунушалиев ордун алдырып коюшка козу жетип анан жаман атты кылып койду окшойт Асановду
+7
kimsanbek
2019-08-16 08:32:48
Krai,Мен да Асановду Которулот же сыйлык алат го деп ойлогом. тескериси болду го!!! Кашкардын былыктарын интернеттен корсонор толтура. ордун алдырып коюштан коркуп эптеп шылтоо тапты да!
+5
Nur777
2019-08-16 10:27:36
Фарида Жээнбекованын кан кудасы деп койбопсунар,Бийликти жалан Жээнбековдордун бир туугандары,достору,куда-соогу,окул балдары жана жээнлери башкарып жатат го!!!
+3
katerina.li
2019-08-16 14:21:46
Раимдин кудасы эн башкысы деп койгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан