Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянованын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Аида Салянова тергөө иши менен кызматташуу ниетин билдирген. Мыйзамга ылайык, Салянованы камакка алуу чечими өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.
21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.
Бүгүн, 15-августта экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ИИМдин Тергөө башкармалыгынан чыгып, унаага отуруп кеткен.