Алмазбек Атамбаев дагы 2 кылмыш иши боюнча айыпталууда

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы 2 кылмыш иши боюнча айыпталып жатканын маалымдады.

Маалыматка ылайык, 15-августта Аскердик прокуратура тарабынан Алмазбек Атамбаевге карата ачылган кылмыш иштерди тергөөнүн алкагында ага дагы 2 иш боюнча айыпталып жаткандыгы угузулду. Анын бири Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (кылмышка аралашуу), экинчиси 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча.

"Фрунзе токой чарбасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамга каршы аракеттеринин натыйжасында өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн токой чарба фондунан жер тилкесин алып, пайдаланып жүргөн. Натыйжада Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы “ТНК Дастан” ачык акционердик коомунан мыйзамсыз алган жерин дагы 2,7 гектарга кеңейткен.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов жана “ТНК Дастан” ААКсынын жооптуу кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык топ түзгөн. Анда стратегиялык объекттер боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан курулуш иштери аягына чыга элек ден соолукту жакшыртуучу маданий комплексин ээлеп алган. Бул жер тилкеси “ТНК Дастан” ААКсынын балансына кирет.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.

16-августта Башкы прокуратура экс-президенттин камакка алынган мүлктөрүн жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан