Мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын Кыргыз өлкөсүнө учуп келгени айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Аэропорттон Бермет Акаеванын Кыргыз өлкөсүнө келгенин көрдүм. Ал коркпой, жайбаракат келди, азамат!" деп жазды Хасанов.
2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында Аскар Акаев Кыргыз мамлекетинин аймагынан чыгып кеткен. 2005-жылы 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арызын жазган.