Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Финполго суракка кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бабановдун жакындары билдирди.
Бирок кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айтышкан жок.
9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.