22-августта Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу берүү токтотулат

22-августта, бейшемби күнү Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 22-августта эртең мененки саат 10:00дөн кечки 21:00гө чейин төмөнкү жерлерде суу берүү убактылуу токтотулат.

Алар:

- 12-кичи районго тиешелүү аймактардын бардыгы;

- 11-кичи райондогу №12/1,13/1,14/1,15/1, 6/1,14/2 үйлөр;

- Асанбай кичи районундагы №52 үй;

- 7-кичи райондогу №14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 44, 45, 46, 47, 48, 49, 49/2, 53/2, 53, 53/3, 49/6, 49/7 үйлөр;

- Ницца шаарчасы;

- Көк Жар жаңы конушу;

- Борбор Азиядагы Америка университети;

"Бишкек суу каналы" ишканасы шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алуусун суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан