Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өмүрбек Бабановду суракка чакырганынын себебин айтты

Кечээ, 19-августта Финполдо сурак берип чыккан Өмүрбек Бабанов бүгүн, 20-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка барарын айткан болчу. УКМК Бабановду кайсы иштин алкагында суракка чакыртканын айтты.

"Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Бабановдун 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иштин алкагында суракка чакырылган Бабанов күбө катары өтүүдө", - деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2 жылга жакын убакыттан кийин ал 9-августта өлкөгө кайтып келген. Ал келер алдында билдирүү таратып, УКМК келсе ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча мыйзам чегинде жооп берерин маалымдаган. Ага карата Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкты даярдоо беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Бабановго каршы козголгон кылмыш иштеринин таржымалы тууралуу жазылган бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
TalaCSKA
2019-08-20 11:31:14
Ушул уят эле да кесип кыскартылган видего кылмыш ишин козгоп УКМКда эмне тупойлор иштейби ? Видеону толук коруп анан кылмыш ишин ачпайбы.толук видеодо вроде эч кандай улут аралык кастыкты жараткан чакырууну деле байкаган эмесмин.эй бийлик ким камалат ким камалбайт маанилуу деле эмес бизге эн биринчи адилеттуулук керек.эл деле коруп жатат кандай беспредел болуп жатканын эл унутпайт,туболук бийликте олтурчудай болбой адилеттуу болгула.
+1
Mirlan27011987
2019-08-20 12:09:14
TalaCSKA,
Сооронбай менен Асылбеке караганда Бабановтун абийири таза. Сооронбай сөлдүрөк эптеп курал менен бийликти кармап турат. Жээнбековтор адам деле эмес экен. Сооронбайды элдин жашоо турмушу кызыктырбайт. Сооронбай кетмейинче өлкөдө жашоо турмуш оңолбойт. Жээнбеков элдин көзүнө көрүнбөй кет
-4
Bektur2011
2019-08-20 12:30:52
Mirlan27011987, Жээнбековду аралаштырбагыла президент арбитр катары тарыхта кала турган иштерди аягына чейин чыгарат. Бабанов жооп берсин
-6
Bektur2011
2019-08-20 12:31:43
TalaCSKA,Бабановдун улут аралык маселени козутканы чындык. Эми жооп берсин да
-5
Sakubek
2019-08-20 11:48:41
Камалбайт,бул куу тулку да. Договор кылып анан келген да. Просто эл козуно мени чакырып сурамыш болуп койгула деген болуш керек
-7
Jaznura
2019-08-20 12:14:11
Бабанов башка өлкөнүн башчысына чөгөлөп барып анан улут аралык маселеге чакырык таштап саткын экенин далилдеген. Эми жазасын алышы керек
-1
Jaznura
2019-08-20 12:15:40
Бабанов саткын. Жакшы болсо Россияга курган заводду Кыргызстанга куруп элди жумуш менен камсыз кылбайт беле
+5
nabievich
2019-08-20 12:15:57
Бабанов патриот болсон россияга цемент завод салмак эмес 10 киши болсо да жумуш ордун тузуп кыргызстанга курмак
+7
Ermekbai
2019-08-20 14:44:37
nabievich,Байлар өз элине завод ачуудан коркот эртең күнү тартып алабы деген ой менен
0
chake
2019-08-20 12:38:31
Бабанов даана эле улуттук кастыкты козутуучу сөз айткан. Аны уккандын баары жада калса өзбектер да айтып журөт добуш алыш үчун ошентип сүйлөгөн бизге да жаккан эмес деп айтып эле жүрүшот.
+4
chake
2019-08-20 15:01:02
Бабанды камаш керек!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан