Кыргыз өлкөсүндө 22-23-24-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, республиканын аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.
23-24-август күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.