"Бутуна атып алган". Ирина Карамушкина Кой-Ташта каза болду деген жаран боюнча ИИМ маалымат берди

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина өзүнүн Фейсбук баракчасына экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан улам Миржан Курманбек уулу аттуу жаран каза болгонун жазып чыккан. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты четке каккан. Бүгүн, 20-августта ИИМ аталган жаран боюнча төмөнкү маалыматтарды таратты.

"Миржан Курманбек уулу, 23 жашта. Ал 8-августта мыйзамдуу деп эсептелген 12 калибрлүү тапанчаны алып, атасынын атын минип, Суусамыр өрөөнүнө мергенчиликке кеткен. 9-август күнү мергенчиликте жүрүп, кокусунан бутуна ок атып алган. Маркум окуя болгон жерден ооруканага жеткенче көп кан жоготуп, каза болгон. Анын сөөгү 11-августта Талас районунда жерге берилди. Маркумдун ата-энеси бул окуяны кокустук деп укук коргоо органдарына кайрылган эместигин ички иштер органдарына каза болгон жарандын атасы Курманбек Шабданов билдирди.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жайыл жана Талас РИИБинде териштирүү иштери башталды. Ошондой эле милиция кызматкерлери 12 калибрлүү тапанча мыйзамдуу түрдө Миржан Курманбек уулуна катталганын аныкташкан. Учурда милиция кызматкерлери маркумдун сөөгүнө эксгумация жасоо суроолору менен иш алып барышууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
altyn-kumush
2019-08-20 19:32:38
Эптеп эле интрига чыгарып, элдин тынчын бузсам деп журот ириген Ирина!
+17
Sicilya
2019-08-20 20:02:07
Бору баласы ит болбойт деп койот. Кыргызга куйуп бышбайт бул айым.
+16
Baatirbek81
2019-08-20 22:59:23
Каралмышкина жолду кесип өтүго!
+8
urmat94
2019-08-21 00:32:07
Эмнеге жалган маалымат таратканы учун жоопко тартпайсынар ушу айныган катынды? суроо силерге ИИМ
+10
Jaznura
2019-08-21 09:50:14
Кара мышык эзели кыргызга куйбойт. Жалган маалымат тараткандыгы учун жоопко тартуу керек
+5
Absamat-90
2019-08-21 09:54:53
Ушуну кочодо коруп калсам бетине тукуруп отмокмун .
+4
katerina.li
2019-08-21 13:24:34
Башка чондор куйобу кыргызга?? Ким куйот?? Ажылдапсынарго жаман итче??
+1
Avrora2017
2019-08-21 17:47:25
katerina.li, оба анча мынча продажный депутаттарга караганда ушул аялда кичине совесть бар экен до конца турган позициясында, калгандар ашанын жеп жургондор беттери кыймыйдабай туруп соке жака ото качыштыго жылуураак жайга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан