Өмүрбек Бабановду УКМКга алып келген унааны айып аянтчасына алып кетишти

Бүгүн, 20-августта саат 15:00дө Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка кирип кеткен. Андан бери 3 саат өттү, ал чыга элек.

Бул арада саясатчыны ташып жүргөн унааны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айып аянтчасына алып кетишти. Жол коопсуздугунун кызматкерлери муну унаанын алдыңкы терезелеринин дагы караңгылатылгандыгы менен түшүндүрүштү.

Кечээ, 19-августта Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берген. Төрт сааттык сурак учурунда Бабановду ушул унаалар менен күтүп турушкан. Мындан тышкары, Бабанов 9-августта өлкөгө кайтып келгенде ушул унаа да аны тосуп алган унаалардын катарында бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn-kumush
2019-08-20 18:56:10
Уяты жок! Жонокой мыйзамды билишпейт! Туура кылат, конгон да мыйзамды бузуп
+14
SHEFKUBAT
2019-08-20 19:25:15
Бийлик кече аталбай койушту окшойт атайын караңгыда чыгарып. Бүгүн кудай сактасын аман эсен акталып бала чакасы менен көп жашасын. Көрө албагандар машинасын изилдеп көрсө керек.
+1
aza84
2019-08-20 21:11:30
Бийлик от менен ойнобосо
-7
Bektur2011
2019-08-21 09:46:57
Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Туура кылат
+3
Gema
2019-08-21 17:06:03
Bektur2011,райымчы?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан