Аваз Акимов менен Айдана Деканын саналуу күндөрдөн кийин боло турган концертинин аталышы талкууга алынды

Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека саналуу күндөрдөн кийин Талас шаарындагы күйөрмандарына жеке концертин тартуулайт. Учурда концертке даярдыктар көрүлүп жатат. Концерттин аталышы "Той концерт". Афишадан кийин көпчүлүк интернет колдонуучулары "Картайганда жөн эле койбоптур да", "Кечээ эле үйлөнгөндөй болушуп...", "Той концертиңер бүтө элекпи?" деген жана башка пикирлерин жазышкан.

31-августта боло турган концерттин аталышы көпчүлүктүн талкуусуна калды. Айтылып жаткан сын-пикирлерге карата Аваз Акимов буларга токтолду.

"Концерттин аталышы той болгону менен шоу концерт эле болот. Болгону уюштуруучулар аталышын той деп коюуну сунуштап, биз макул болгонбуз. Анын үстүнө Айдана экөөбүз баш кошкондон бери Таласка концерт коё элек болчубуз. Негизи биз той концерт өткөргөн эмеспиз. Үйлөнгөнгө чейин биргелешкен концертибизди өлкөнүн ар кайсы аймактарына барып коюп келгенбиз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Ankel
2019-08-22 18:41:35
Ийгилик! Бактылуулук каалайм!
+5
Altyn.bala
2019-08-22 18:53:19
Эптеп эле сом жазаш керек да.
+4
urmat94
2019-08-22 20:35:58
Altyn.bala,булардын иши да бул концерт коюп ырдаш ар ким колунан келгенин кылат сен дагы сомго иштесен керек же сенин ишине бироо аралашып атабы жакпаса концертине барбай эле кой,эч ким зордуктап концертине бар дебейтатго
-1
interpol
2019-08-22 18:56:54
Көңүл бурбагыла айтса айта беришетда. Бактылуу болгула. Концертиңерге ийгилик
+4
erkinali858585
2019-08-22 18:57:47
Аваз айдана менен шортаңды алмаштырып алсаң болот экен, сенин шортаң узунураак экен, Айдана кайын журттан уялсаң боло бир аз! Турсук эле кийип албапсын биротоло
+20
Snare
2019-08-22 19:11:58
Бекер кир десе да кирмек эмесмин.
+13
Baatirbek81
2019-08-22 19:35:03
Snare,ошону айтсаң
+4
urmat94
2019-08-22 20:37:09
Snare,жакшы кыласын жакпаса кирбе,сени эч ким кир деп зордогон жок
-7
rysik79
2019-08-22 19:34:17
Аваз Айдана мы на работе деп койгулачы
+2
katerina.li
2019-08-22 19:47:26
Айдананын бети аппак,мойну капкара болуп журот дайвма эле
0
rysik79
2019-08-22 20:21:21
katerina.li, жардын го
-1
urmat94
2019-08-22 20:37:40
rysik79,сен эле жарылдын окшойт
+1
Tyty1990
2019-08-22 21:12:18
katerina.li,Тынар айткандай бети аппак мойну гүрөөөөң
+1
katerina.li
2019-08-22 22:28:12
Эч жакпайт ушул экоо
0
nurhan2702
2019-08-23 12:59:17
Сын пикир айтпай эле.Жон гана ийгилик каалап койсонор болбойбу.
+1
Klaridze
2019-08-23 20:45:14
Акчалары жок калган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан