Интернет желесине мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен Арстан Алайдын Тарых музейинин алдында талашып-тартышып жаткан видеосу тарады. Экөөнүн жоругун коомчулук талкуулап жаткан чагы.
Видеодо көрүнгөндөй, алгач Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды Тарых музейине ээрчитип барган, бирок ал жер бек болгондуктан, алар маегин музейдин алдында улаган. Видеодон Бакир уулу Арстан Алайды экспонат катары Тарых музейине өткөрүп берүүнү көздөп жатат дегенди угууга болот.
Тарых музейинин жабык экенин билишкенден кийин алар "мусулманчылык" жана "теңирчилик" деп кайым айтышып жатканын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, Турсунбай Бакир уулу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу Арстан Алайга кайрылуу жасаган. Ал Арстан Алайдын буга чейин өзүнө карата айтылган сөздөрүнө жооп берип, анын жасаган иштерин туура эмес деп сыпаттаган. Кайрылуусунда экс-акыйкатчы жума күнү Тарых музейинде Арстан Алайды күтө турганын кошумчалаган.