Интернетте кыргыз таксисттери тууралуу тамаша тарады. Анда тамаша айтып жаткан мырза чет өлкөгө көп барарын, такси кызматынын дайымкы кардары экенин билдирген.
"Мен жакында эле бир жактан учуп келдим. Аэропорттон тиркеме аркылуу такси чакырып, сыртка чыктым. Бир таксист жаныма унаасын айдап келип "эмнеге тиркеме аркылуу таксиге буйрутма бердиң, азыр уйкусу канбаган бир кыргыз келет" деди. Анын сөздөрүнөн кийин кыргызды карап туруп анын уйкусу канбаганын кантип билсе болот деп ичимен ойлоп калдым.
Билесиңерби, жөнөкөй таксист менен бара жатканда күзгүдөн айдоочуну карап, ал уктап кеткен жокпу деп көзөмөлдөйсүң. Менимче, кыргыз таксисттери менен деле ушундай кырдаал болот окшойт. Аны көзөмөлдөйсүң, аягында "менин бир аз уктап кеткенимди байкаган жоксуңбу?" дешет го", - деп айтылат.
Мындай тамашаны Орусиянын ТНТ каналынын "Stand up" долбоорунун резиденти Дмитрий Романов айткан. Ал 1985-жылы Украинанын Одесса шаарында төрөлгөн. Дмитрий Романов ата теги еврей экенин жашырбай келет. Ал тамашаларды жашоодогу окуялардан алат.