Ысык-Көл. “Карвэн - төрт мезгил”, “Радуга” пансионаттарынын аймагынан көл жээгине жергиликтүү тургундардын акысыз өтүүсүнө уруксат берилди

6-августта Ысык-Көл облусундагы “Карвэн - төрт мезгил”, “Радуга” эс алуу жайларынын күзөтчүлөрү менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыккан чатакка байланыштуу 7-августта жергиликтүү бийлик башчылары, пансионаттардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев билдиргендей, аталган пансионаттардын жетекчилери пансионатка караштуу аймактан жашоочулардын акысыз өтүшүнө жана пляжды курчаган тосмолорду алып салуу менен жергиликтүү тургундардын пляжда акысыз эс алуусуна макулдук беришти. Эскерте кетсек, 6-августта аталган пансионаттардын күзөт кызматкерлери менен жашоочулардын ортосунда чыр чыгып, эс алуучу жайлардын дарбазалары талкаланган болчу. Буга жергиликтүү жашоочулардын көл жээгине аталган пансионаттардын аймагынан акча төлөп өтүүлөрү себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан