Билим берүүгө салынган инвестициялар өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын пикиринде, билим берүүгө инвестиция кылбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат.
"Бүгүнкү мезгил ааламдашуунун гана доору эмес, инновациялык изденүүнүн жана айыгышкан атаандаштыктын заманы экендигин белгилеп кетким келет. Ушундай атаандаштыкта биздин мектептер жана окуу жайларыбыз жөн гана адис-аткаруучуларды эмес демилгелүү, чыгармачыл, жогорку интеллектуалдуу адистерди даярдап чыгаруусу зарыл. Жаңыча ой жүгүртүп, мамлекетти өсүп-өнүгүүгө карай багыттай алган адистер – мезгилдин талабы. Телекоммуникация, компьютер жана интернет – кечээки заман. Азыр биотехнологиянын, нанотехнологиянын, гендик инженериянын жана жасалма интеллекттин заманы", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын пикиринде, мезгил азыр баарыбыздан маалыматтык цивилизациянын байкоочусу болбой, анын толук кандуу катышуучуларынан болушубузду талап кылууда.