super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү Жогорку Лига: "Достук" командасы "Ынтымакты" 3:2 эсебинде утуп жеңишке ээ болду (хронология, фото, видео)

 

Кыргыздын Эль-Класикосуна айланган "Ынтымак" менен "Достук" беттешинде ким жеңүүчу аталат оюндун жүрүшү көрсөтөт.

Айта кетсек 1-Лиганын финалында "Бакубат Талас" "Ак-Сууну" ири эсепте утуп жеңүүчү аталды. Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште Жогорку Лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2019-08-31 16:50

Майрамбек Рысбеков "Ынтымактын" тай казанына улак таштап оюндун жыйынтыгын чечип койду

2019-08-31 16:45

Мелдештин бүтөөрүнө саналуу мүнөттөр калганда, оюнчулар курч оюн тартуулап аттарын сабай алдыга умтулууда.

2019-08-31 16:43

Оюн башталды. Сейитбек такымга бек кыса улакты алып жөнөдү.

2019-08-31 16:34

Адаттагыдай эле оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин жеңүүчү ким болоору интрига бойдон калат окшойт.

2019-08-31 16:31

Нуржан Мелисбек уулу  өзүнүн Кара Куш аттуу аты менен тай казанга барып 1 улак таштап эсеп санын теңеди.

2019-08-31 16:26

Тай казанга ыргыган улакты "Достуктун" оюнчулары абадан кармап калгандай. Курч оюн орун алууда. Ал арада Манас Ниязов өзүнүн 2-улагын салганга жетишти.

2019-08-31 16:25

Аудасбек Мырзабек уулу улакты тай казанга ыргытты эле ал тай казанга түшүп, кайра сыртка чыгып кетти. Бул учурда көрүүчүлөрдүн жүрөгүү шуу дей түштү окшойт.

2019-08-31 16:21

Сейитбек Анарбек уулу тай казанды көздөй умтулду эле улакты тай казанга туштап таштоого колунун каруусу жетпей калды окшойт.

2019-08-31 16:20

Ак бөрүнү минип чыккан Манас Ниязовду кайрадан капталдан сүзүшүп ал жерге "Тез жардам" кызматы келди эле Ниязов кайрадан жардам алуудан баш тартты. Көрүүчүлөр Манас деп уран чакырып, оюнчуну колдоп жатышат.

2019-08-31 16:19

3-бөлүк башталды. Командалар дароо эле чабуулга өтүштү.

2019-08-31 16:10

2-бөлүк аягына чыкты. Эсеп 1:1. Дагы да болсо оюнчулар менен калыстар тобунун ортосундагы пикир келишпестик уланууда

2019-08-31 16:08

Оюн майда чыр менен коштолууда. "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов калыстар тобунун чечими менен макул эместигин айтууда

2019-08-31 16:01

Манас Ниязов чабуулга чыгып атынан кулады. Аты да, өзү да жерде жатат. "Тез жардам" кызматы келгенине карабай оюнчу аны кайра артка жиберди.

2019-08-31 15:57

Улакка улак менен чабуулга чабуул менен жооп берип жаткан мыкты оюн орун алууда. Көрүүчүлөрдүн сүрөөсү, такасынан чаң чыккан аттардын жүрүшү мыкты оюн тартулоодо.

2019-08-31 15:54

Манас Ниязов көрүүчүлөрдүн көксөгөнүн кандырып тай казанга 1 улак таштады.

2019-08-31 15:52

Айбек Темирбаев улакты такымга басып тай казанды көздөй чуркады эле, атаандаштары оюн талаасынан сүрүп чыгарды. Эреже бузулуп, улак Айбек Темирбаевдин такымында калды. Ал эми "Ынтымактын" бир оюнчусу 2 мүнөткө жаза мамысына байланды.

2019-08-31 15:50

Манас Ниязов улакты эңип чабуулга өттү. Айта кетчү нерсе, ал Кыяз Ниязовдун Ак бөрү деген атын мингенин көрүүгө болот. Бойканын жоктугу ага сезилип жаткандай.

2019-08-31 15:49

2-бөлүк башталды. Көрүүчүлөр жанданып, оюнчуларга дем күч берүүдө. Убакыт "Достук" командасына каршы ойноп жаткан учуру.

2019-08-31 15:38

1-бөлүк аяктап,  калыстын ышкырыгы жаңырды.

2019-08-31 15:36

Аудасбек алдыга чыкканга аракет кылып жаткан учурда Кыяз Ниязов келип чабуулду бузду.

2019-08-31 15:35

Жекеме-жеке чыгууда Аудасбек өзүнүн мыкты экенин көрсөтүүдө. Бөлүктүн аяктаарына саналуу мүнөттөр калды. 2 команда да тең эсеп санын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар.

2019-08-31 15:33

Манас Ниязов улакты алып, тай казанга аттын башын бурду эле атаандаштары оюн талаасынан сүрүп чыгарып чабуул үзгүлтүккө учурады.

2019-08-31 15:32

1-бөлүктүн аякташына 7 мүнөт калды. Ал аңгыча Айбек Темирбаев улакты эңип, такымга басуу аракетин көрүп жатат.

2019-08-31 15:31

Оюн бир калыпка түшүп калгандай, көрүүчүлөр өзүлөрү колдоп келген командаларынын атын айтып кыйкырып, алдыга сүрөп жаткан кези.

2019-08-31 15:24

Көк бет Геркулеске туруштук берип жаткан учуру. Жекеме-жеке чыгууда оюнчулардан да минип жүргөн аттарынын ролу чоң. "Ынтымак" чабуул баштап, акырындан атаандашынын тай казанына барып 1-улакты таштады. Улактын автору  Аудасбек Мырзабек уулу 

2019-08-31 15:21

Башка командалардын оюндарына салыштырмалуу аталган 2 команданын оюну динамикалуу жүрүп жатканын байкоого болот.

2019-08-31 15:20

Талааны чаңдата оюнчулар алгачкы чабуулдарын башташты. Алгач эле Манас Ниязов улакты алып тай казанды көздөй умтулду. Бирок чабуул максатына жеткен жок.

2019-08-31 15:19

Ышкырып жаңырып, улак ташталып оюн башталды.

2019-08-31 15:17

"Ынтымак" (Талас облусу):
1. Мадалбек уулу Нияз
2. Сагынбек уулу Дастан
3. Талант уулу Адилет
4. Койгелдиев Марлис
5. Толобек Эрлан
6. Орозбаев Жолдошбек
7. Анарбек уулу Сейитбек
8. Руслан уулу Жакшылык
9. Мырзабек уулу Аудасбек
10. Раушан уулу Урмат
11. Мелисбек уулу Нуржан
12. Табышев Астаркул.

2019-08-31 15:16

"Достук" (Ош облусу):

1. Майлубашев Таши
2. Темирбаев Айбек
3. Айдаркул уулу Нурсултан
4. Жолчу уулу Жоодар
5. Султанбеков Бабаравшан
6. Рысбеков Майрамбек
7. Русланов Султан
8. Ниязов Кыяз
9. Азимкул уулу Анаке
10. Ниязов Манас
11. Мукаев Белек
12. Исаков Ильяз.

2019-08-31 15:05

Ал эми биз өз кезегебизде 2 командага тең ийгилик каалайбыз. Күчтүүсү жеңсин. Командалардын курамы менен таанышып алыңыздар.

2019-08-31 14:56

Командалар тизилип калыстар тобунун текшерүүсүнөн өтүшүүдө. 

2019-08-31 14:49

Эл дүркүрөтө кол чаап, белгилүү артистти дагы бир ыр ырдап берүүсүн өтүнүүдө. Куйкум сөзү менен көк бөрүнү кызыткан Асылбек Өзүбеков элдин сунушун четке каккан жок.

2019-08-31 14:47

Көпчүлүк күткөн оюн башталуу алдында турат. Азыркы тапта Асылбек Өзбеков көрүүчүлөрдүн маанайын ачып ыр аткарып берип жаткан чагы


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(34)
31.08.2019. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
498
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
17-09-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ онлайн трансляция каяктан корсок болот?
31.08.2019. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:46
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ынтымак гооооооол киргизди
31.08.2019. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 07:21
Жынысы:
Белгисиз
+9
Достук алга!
31.08.2019. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:46
Жынысы:
Белгисиз
-17
Kylychisa,достук артка
katerina.li түзөттү 2019-08-31 15:39:06
31.08.2019. 16:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 07:21
Жынысы:
Белгисиз
+16
katerina.li,достук чемпион))))) достук намысты бербейт)))
31.08.2019. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-01-2019
Соӊку аракети:
17-09-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
+15
Достук чемпион
31.08.2019. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:46
Жынысы:
Белгисиз
-6
Bekobala,достук утулат
31.08.2019. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
17-09-2019 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
+6
katerina.li,Көрүнүп атабы сизге, насип оомат ким тарапта болсо ошол утатда
31.08.2019. 15:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-01-2019
Соӊку аракети:
17-09-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нияз алгааа
31.08.2019. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
01-09-2019 19:40
Жынысы:
Белгисиз
+10
Достук алга
31.08.2019. 15:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
323
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
18-09-2019 00:48
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ынтымак алга
31.08.2019. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
17-09-2019 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
+1
Эмнеге штраф кылган жок?
31.08.2019. 16:13 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+11
jemile, Калыс постоянно Ынтымакка тартат, булар калыстардын күчү менен эле жеңип келет. Эгер эркекче карап беришсе Достук түйрүп эле салмак Ынтымакты.
31.08.2019. 17:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
269
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
17-09-2019 13:06
Жынысы:
Белгисиз
-4
JENTLEMAN,калыс ынтымака тартпай эле калыстык чечим чыгарып берди
31.08.2019. 16:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+10
Футболисттер Мессинин бутуна тееп атып эптеп травмага жөнөткүлөрү келгендей, бул жердеда эптеп эле Манасты кулатып, жыгытып оюндап четтетүү аракети жүрүп жатат.
31.08.2019. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:46
Жынысы:
Белгисиз
-15
JENTLEMAN,манасын ойной албаса апасынын эмчегин ээмип уйдо отурсун. Ал деле катыра сузуп атат ынтымактын оюнчуларын
31.08.2019. 16:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+7
katerina.li, Өзү эле дубльду түртүп салдыго дубльду))).
31.08.2019. 16:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+10
katerina.li, Сен апаңдын эмчегин эмгенче онлайн көрүп жаткычаң ойной албаган Манас Ынтымактыкына эки жолу түшүрүп, титиреп-титиреп алдыго көздөрү сүзүлүп))).

Атак Ынтымак молодцы, Достукка Крда Ынтымак эле тең келе алат өзү)).
JENTLEMAN түзөттү 2019-08-31 16:52:27
31.08.2019. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
17-09-2019 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
+6
JENTLEMAN,Достук же Ынтымак эмес болгону, көрбөдүкпү артынан канчалык түрткөнүн, килейген атты жыгыткыча урган жана адамдын өмүрүнө коркунуч келтирип жатат...кызык КАЛЫСбайлар эмнени карап жатат?
jemile түзөттү 2019-08-31 16:29:31
31.08.2019. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
17-09-2019 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
0
Мына дагы жыгытты
31.08.2019. 16:27 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+2
Ушул жерде Катерина деген бир провакотор жүрөт элди экиге бөлүп, ошого окшогон ахмактар ч.чатта бардык элдин намысына. Жаман улут болбойт жаман адам болот.
31.08.2019. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:46
Жынысы:
Белгисиз
-8
JENTLEMAN,ошондо озун жакшымын деп аткандагынбы
31.08.2019. 16:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+14
katerina.li, Ооба, мен Ынтымакка эч качан негатив пикир жазып элди бөлгүм келбейт, так как экөөсүтең Кыргыздын намысын коргогон командалар.
31.08.2019. 16:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
18-09-2019 00:26
Жынысы:
Белгисиз
-5
JENTLEMAN,ар бир командалык оюнда болельщик деген болот, катерина демек ынтымактын болельщиги. Достукка тартпаса эле провокатор болуп калабы? Сен деле провокаторсун анда.
31.08.2019. 16:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+6
Aimani, Мага кимиси жеңседа Азамат деймин, себеби экөөсүтең Кыргыздын Шумкарлары.
31.08.2019. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
17-09-2019 22:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+8
Ураааааааааааа Достук чемпиооооооооооон!!!!!!!!
31.08.2019. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:46
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ичим орттонуп атат. Жамман болуп атам. Хе хе дееп койбоюмбу
31.08.2019. 16:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+10
Достук Ынтымак молодцы. Эми казактардын өпкөсүн сууругула)).
31.08.2019. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
06-06-2019
Соӊку аракети:
17-09-2019 09:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты ойун болду ынтымакта 7 номердеги бала жигитче ойун квлбады буторундо кылган иши
31.08.2019. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-02-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 19:49
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ура!!!!
31.08.2019. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1626
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-09-2019 01:57
Жынысы:
Белгисиз
+7
Достук Ош Чемпион ураааа!!! Ош алгааааа!!!!
31.08.2019. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
20-01-2019
Соӊку аракети:
17-09-2019 12:04
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мактоолор болсун достука
31.08.2019. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
06-11-2008
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-3
Таластыктардай болуп өпкөлөлүп жатып, силер Оштуктар да мактанып сөздөн жаңылып албагыла
01.09.2019. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
597
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
17-09-2019 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спортто бирөө жеңет бирөө жеңилет. Көп бөлүнбөгүлө кыргызым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131303;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: