Бүгүн, 31-августта Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты. Маалыматты SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева тастыктады.
Анын айтымында, эки тараптын ортосундагы пикир келишпестик 31-августта Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон.
"Алгач тажик тарап такталбаган аймакка асфальт төшөй баштаган. Чек арачылар ишти токтотууну суранышкан. Бирок алар токтотпогондуктан кыргыз чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарууга мажбур болгон.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып, коңшу элдин тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап асфальт төшөөнү токтотту. Анткени асфальт төшөө иштери кыргыз тараптын макулдугу жок жүргүзүлүп жаткан. Учурда аталган аймакта абал туруктуу", - деп билдирди чек ара кызматынын расмий өкүлү.