Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ШИИББинде Жал кичи районундагы мушташ боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Анда тергөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Утемисов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кечээ түнү нөөмөт бөлүмдүн кызматкерлери шектүүлөрдүн келерин билбегендигин айтты.
"Бизде атайын топтор ар бир аймакты издеп, сураштырып издөө иштерин жүргүзүп жатышты. Биз деле жатып алган жокпуз да. Издеп жаттык", - деди ал.
Ошондой эле ШИИББинин башчысы кармалган шектүүлөр бир туугандар экенин билдирди.
Ал эми журналисттердин "Шектүүлөр кайда жашырынып жүрүптүр?" деген суроосуна башчы "Алар кайда жашырынып жатканы боюнча маалымат тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу айтылбайт", - деди ал.