Футбол дарбазасы басып калган окуучу палатага которулду

Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы мектептердин биринде дене тарбия сабагы учурунда 5-класстын окуучусуна футбол дарбазасы кулап түшкөн. Ал баш мээсинен жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Окуучу палатага которулганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"2008-жылы туулган жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алынып келинген. Ал алган жаракатына байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы жакшырып палатага которулду. Учурда бардык тийиштүү дарылануу жүргүзүлүп жатат. Бейтап дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө", - деп билдирет маалымат кызматынан.

Окуя 6-сентябрда Ак-Ордо конушунда орун алган. Анда дене тарбия сабагы учурунда окуучуга футбол дарбазасы кулап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан