super.kg logo

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине карасанатай кызматкерлерден тазаланууну тапшырды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Кеңешменин жүрүшүндө ал акыркы учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн, коомдук кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

"Милициянын ишмердүүлүгү жарандардын өзгөчө көңүлүндө турат жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдеттерин аткаруу өңүтүндө гана эмес, адам укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашыруу жаатында каралууга тийиш. Бул өзгөчө маанилүү. Милицияны реформалоо пландары көп жылдардан бери ишке ашпай келет. Кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек.

Бүгүн коом да, мамлекет да милициянын жүрөк өйүткөн маселелерин токтоосуз чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирде турат. Мамлекет милицияны каржылоону жана техникалык жабдууну жакшыртууга, жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүгө аракеттенүүдө. Бирок милицияга карата жарандардын ишенимин кайтаруу жана бүгүнкү жагдайды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары көп иштерди аткарууга тийиш. Ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу милиция кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу шарттарын түзүү үчүн Кайгуул милициясы түзүлгөн. Ал тиешелүү техника жана жабдуулар менен камсыздалган. Коомдук жайларда кылмыштарды ачыктоонун заманбап технологиялары киргизилүүдө. Алар өз натыйжалуулугун көрсөтүп, кылмыштардын алдын алууга жана бетин ачууга көмөк көрсөтө баштады. Жарандар өкмөттүн күч-аракеттерин колдоп, жолдордо, көчөлөрдө жана короолордо тартип болгонун каалашат. Видеобайкоо камераларынын жардамы менен көптөгөн кылмыштар аныкталып жатканын биз көрүп жатабыз. Мындай шарттар милициянын катарында карасанатай жана кесипкөй эмес, кыянаттык менен пайдаланган жана кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистердин болушун чектейт. Алар реформаны илгерилетүүгө тоскоол болушууда, аларга карата эң катуу чаралар көрүлүшү керек", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө уюштуруу жана кадрдык жаңы киргизүүлөрдү кабыл алып, өз катарын милициянын беделин бузган, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, укук коргоо тутумунда кызматкерлерди ак ниет жана чынчыл иштөөгө, мыйзамды карманууга жана адам укуктарын катуу сактоого дем берген чечимдерди иштеп чыгуу зарыл.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.09.2019. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
20-09-2019 21:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетибизде канча жараксыз мектеп бар экенин эл өзү өкмөткө жеткириш керек. Анткени "Ыйлабаган балага эмчек жок". Качан депутаттар эл менен жолугушуп ушундай маселелерди өкмөткө айтса мына ошондо эки бийлик бутагы тең өз функциясын аткарган болуп саналат.
09.09.2019. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
19-09-2019 13:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашкардын озун алмаштырыш керек
10.09.2019. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу менен кошо министр МВД оставкага кетип эле калышса болмок экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131475;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: