Бүгүн Жогорку Кеңештин комитети "Кумтөр" боюнча өкмөттүн маалыматын угат

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитети "Кумтөр" боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

"Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана өкмөт менен “Центерра Голд" компаниясынын ортосунда кол коюлган макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө өкмөт маалымат берет. Маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бериши күтүлүүдө. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында мындан тышкары дагы эки маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан