super.kg logo

"УКМКнын, "Альфанын", ИИМдин башчысы кызматтан кетип, президентке импичмент каралсын" деп 1700 жаран Башкы прокуратурага кайрылды

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Таш айылында жүргүзүлгөн операциялар боюнча 1700 жарандын колу коюлган арыз Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.

Билдирүүгө ылайык, арыз кечээ, 9-сентябрда жөнөтүлгөн. Арызда Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бир нече мыйзам бузуулар менен коштолгондугу тизмектелген.

"Күтүүсүздөн беткапчан, жоокер кийимин кийген адамдар эскертүүсүз Атамбаевдин үйүнүн короосуна кирип келип тынч калкка ок чыгарды. Ок тийгендердин жана сабалгандардын арасында жөнөкөй жарандардан тартып белгилүү мамлекеттик, саясий ишмерлер да бар", - деп жазылган арызда 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуяда жабыркагандардын тизмеси жана алган жаракаттары белгиленген.

Мындан улам арыздануучулар бул факты боюнча беткапчан кирип келген аскер адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Саламаттыкка оор зыян келтирүү", "Саламаттыкка жеңил залал келтирүү", "Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" боюнча кылмыш иши козголушу керектигин өтүнүшкөн. Мындан тышкары, жаракат алгандарга жардам көрсөтүлбөгөндүгү үчүн "Кооптуу учурда кароосуз калтыруу", "Жардам көрсөтпөө", "Барымтага алуу" беренелери менен да иш козголушу керек деп жазылган.

"Кийинчерээк бет капчандар "Альфа" атайын багыттагы кызматтын аскерлери экени белгилүү болду. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев бул операция тууралуу төрт эле киши билгендигин билдирди. Демек, үйгө беткапчан кирип келгендер өздөрү да эмне кылып жатышканын түшүнүшкөн эмес. Буга байланыштуу Опумбаев тез аранын ичинде суракка алынышы керек деп эсептейбиз.

Опумбаев жана операция тууралуу билген делинген төрт киши кылмыш жоопкерчилигине тартылсын. Ошол күнү Кой-Ташта электр жарыгы жана интернет байланыш толугу менен өчүрүлүп, жарандардын укугу бузулган. Буга жооптуу адамдарга да чара көрүлүшү керек.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясы улантылып, ал күнү жайыт өрттөлдү. Мал баккан жергиликтүү калкка бир топ зыян келтирилди. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан ар кандай каражаттар туш келди ыргытылып, башка үйлөрдүн да терезелери сынган. Тынч жүргөн элдин унаалары талкаланган. Бул фактылар да иликтенип, тиешелүүлөргө карата кылмыш иши козголбосо, биз Кылмыштуулук боюнча эл аралык сотко кайрылабыз", - деп жазылат арызда.

Ошондой эле анда операциядан кийин ар кандай шылтоолор менен Атамбаевдин тарапташтарына басым менен сурак жүргөнү, Атамбаевдин өзүн кармоо мыйзамды бузуу экени белгиленген.

"Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып аны кармоо операциясын өзү жетектеп, ушул ыкманы тандаганын айтты. Ал элге каршы, мыйзамсыз операция. Мындан улам УКМКнын төрагасы Опумбаевге, "Альфанын" башчысына, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголуусун талап кылабыз. Сооронбай Жээнбековдун бул боюнча иш-аракетине юридикалык баа берилип, мамлекеттик кылмыштуулук боюнча айыпка тартылып, импичмент процедурасы башталышы керек. Андан тышкары, бул окуялардагы сиздин иш-аракетиңиз бүт тараптан тыкыр каралышын, өзүңүздүн отставкага кетишиңизди сурайбыз", - деп жазылган арызда.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
10.09.2019. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 17:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимден катачылык кетсе дагы баары мыйзамдын чегинде жазасын алышын талап кылам. Атамбаевдин айынан бир уй-булонун чырактай баласы мерт кетти. Атамбаев сыйы менен болсо мындай ызычуу болбойт эле.
10.09.2019. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
10-09-2019 14:20
Жынысы:
Белгисиз
-5
Bektur2011,
Атамбаев эл үчүн күйгөн адам болчу. Азыр Сокенин колунан бок колбейт. Атамбаевтин колдоосу менен келип калган. Сооронбайды кетиребиз. Соке кетсин. Эч нерсе жасай алган жок. Атамбаевти колдойбуз.
10.09.2019. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 22:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
sinej,Эл учун куйгон жерин корсотчу.Кыргызстанды каалаганча калчады. Президенттиктен тушкондон кийин Кой Таштыктарды калчап ойноду. Текебаев,Жапаров,Мырзакматовдордой болуп, элди колдонбош керек болчу эркек болсо.
Mister-X түзөттү 2019-09-10 17:55:15
10.09.2019. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
20-09-2019 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бүт чоңдорду кетсин деп бир айылдын акча алган элине ким ишенмек эле. Алардын ишине 1700 киши кол койгон болсо аларды тактап көрсөтсүн. Бул жалган маалыматты Темирлан таркатып жатат.
10.09.2019. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
02-11-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 18:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эч нерсени көрө элек былжырап,эзилип ыйлаган неме бир нерсени көргөнү калды.
10.09.2019. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
20-09-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаевди ошондо эле сразу жок кылыш керек болчу
10.09.2019. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
359
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
19-09-2019 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алмасты президент убагында эле тынчытып койбопсуңар да,мынчалык баш оору жаралмак эмес.
10.09.2019. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2019 23:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+7
Ай шорун кайнаган кайран кыргыз жакшы башчыларга качан жетебиз,эртен 4 жылдан кийин кайра эле ушундай же Бакиев м.н Акаевтыкындай тагдыр кутуп турган жокпу,Сингапур Кореялар 50 жылда онугуп кетти биз болсо 30 жылдан бери кыргызга кыргыз душман болуп акмактын оюнун ойноп журобуз,4 жылдан кийин кытайдын карызын толош керек аны ойлогон бироо барбы?
10.09.2019. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 23:53
Жынысы:
Белгисиз
+5
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт болуптур го бул жагы. Барымтага алган силер эмес белеңер? АША нын желдеттери силерге чала. Жазага тартыльаганыңарга сүйунгүлө. Ага га өмүр боюу жаза бериш керек
10.09.2019. 21:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
601
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
21-09-2019 02:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы 1700 адам? Көрдүк го Форумдагы митингке канча адам келгенин. Акчага деп 300 адам келди. Ашадан алган акчаңарды актагыла эми жугундукорлор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131475;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: