super.kg logo

Ирактагы 70 Кыргыз жаранынын балдары мекенине кайтарылат

 

Ирактагы 70 Кыргыз жаранынын балдары мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ирактагы жана Сириядагы жарандарды өлкөгө алып келүү оңой иш эмес экенин айтып, учурда Кыргыз өлкөсүнө 70 жаранды алып келүү келишими бар экенин кошумчалады.

"Бул маселени бир күндө чечип коюу мүмкүн эмес. Өкмөт бул темага кылдаттык менен көңүл бөлүп, чет жактагы Кыргыз жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын коргоо тууралуу суроолорду карап чыкты. Бул жерде каржылоо, Кыргыз өлкөсүнө аларды кайтаруу, бошотуу, улутун тактоо жана башка маселелер бар”, - деди Айдарбеков.

Министр маселе бир гана алардын кайтышында эмес экенин кошумчалап, жарандардын мекенине келүүсү, үй-бүлөсү менен аралашуусу, коомго кошулуусу жана башка ушул сыяктуу чоң социалдык маселелер бар экенин айтты.

Министр билдиргендей, аларды Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселе ийгиликтүү жыйынтыкталган.

"Ал эми Сирия боюнча учурда алардын өкмөттүк түзүмдөрү менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал жакта өкмөткө баш ийбеген аймактар болгондуктан, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маселе чечилет. Ошол себептен бул маселени чечүүгө колдоо көрсөтө ала турган башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - деген министр Айдарбеков.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131475;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: