Удмуртияда илимпоз 79 жаштагы Альберт Разин Мамлекеттик кеңештин имаратынын кире беришинде өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Жыйынтыгында денесинин 100 пайызы күйүп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, илимпоз балдар удмурт тилин окуп, үйрөнүп жана аны унутпашы үчүн күрөшкөн. Ал денесинин 100 пайызы күйгөн абалда ооруканага түшүп, алган оор жаракатынан улам каза болду.
"Жабырлануучу удмурт тилин сактоо үчүн күрөшкөн. Буга чейин ал өлкө депутаттарына "удмурт улуту жоголот. Биз аны сактап калышыбыз керек" деген чакырык таштап келген. Мамлекеттик кеңештин имаратынын алдына "Эртең менин эне тилим жоголсо, анда бүгүн жанымды кыюуга даярмын" деген жазуусу бар плакат көтөрүп кайрылуу жасаган. Ал Удмуртиядагы клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, 79 жашында каза болду", - деп жазылат маалыматта.
Удмуртия Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, философия илимдеринин кандидаты, доцент Альберт Разин 1940-жылы 12-июнда төрөлгөн. Ал Удмуртия мамлекеттик университетинде иштеп келген.