Вице-премьер өкмөт абалы начар мектептердин маселесин чечүү максатын коюп жатканын айтты

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт абалы начар мектептердин маселесин чечүү максатын коюп жатканын айтты.

Анын айтымында, өлкөдө абалы начар 19 мектеп бар. "Айрым мектептердин долбоордук-сметалык документациясы даяр. Кээ бирлерин куруу маселеси чечилген. "Сауд" фондунан бөлүнгөн акчага бир мектеп курулат. Өкмөт эки жылдын ичинде абалы начар мектептердин маселесин чечүү максатын коюп жатат", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан