super.kg logo

"Каныбек Абдырахмановдун кылмыштарга тиешеси жок". ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси тууралуу маалымат берди

 

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына Каныбек Абдырахманов дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым бир маалымат агенттиктеринде Каныбек Абдырахманов тууралуу такталбаган маалыматтар жарыяланып жатат. Ошол себептүү ИИМ кыскача маалыматы менен бөлүшкөн.

Каныбек Абдырахманов ички иштер органдарына 1997-жылдын июлунан баштап кызмат өтөөгө киришкен. Ал 5 жыл Ысык-Көл ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери болуп иштеген. 2016-жылы ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыктын бөлүмүн жетектеген.

"2017-жылы Каныбек Абдырахманов ак жеринен жасабаган кылмышы үчүн күнөөлөнгөн. 2017-жылдын 17-октябрдын түнүндө анын кол алдында иштеген кызматкери С.К. УКМ тарабынан кармалган. Абдырахмановдун кол алдындагы кызматкер "пара алуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча шектелип жаткандыктан жетекчиси Абдырахманов да тергөөгө чакырылган. Жагдай так жана толук териштирилбегендиктен Абдырахманов кызматкери менен кошо камалып кеткен. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Абдырахмановдун кызматтык кабинетинен, сейфинен жана жашаган үйүнөн да эч кандай далил буюмдарды табылган эмес. Тергөөдө С.К.дан тышкары башка үч кызматкердин Д.Д., У.Н. жана А.К.нын тиешеси бар экендиги аныкталган жана камакка алынышкан. Алардын айрымдарына сот өкүмү чыккан болсо, айрымдары боюнча ушул кезге чейин соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Каныбек Абдырахмановдун аталган кылмыштарга эч кандай тиешеси жок экендигин Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот тактап, ал күнөөлөнгөн беренелер боюнча толугу менен акталган. Ошол себептүү ал кайрадан ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси кызматында расмий түрдө дайындагандыгын билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.09.2019. 18:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
13-09-2019 16:57
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коррупция менен шектелип камалса андан кийин эле жетекчи кызматына келсе кантип коррупция менен курошуп жатасынар
11.09.2019. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
561
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
16-09-2019 19:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Теректин чокусу кыймылдабайт - эгер шамал болбосо!
11.09.2019. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
16-09-2019 21:51
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалган жалаа менен камалып калган учурунда, текшеруудон эч кандай далил табылган эмес. Татыктуу кадр иштеши керек эл жана мекен учун
11.09.2019. 22:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
07-04-2014
Соӊку аракети:
16-09-2019 11:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким Ким экенин билбей калдык))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131175;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: