super.kg logo

400 гектар жер Өзбекстанга өтүп кеткенби? Өкмөт өкүлчүлүгүнүн жообу

 

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова SUPER.KG порталына губернатордун орун басары Байыш Юсуповдун маалыматына таянып, Араванда Өзбекстанга өтүп кетти делген 400 гектар жер тууралуу комментарий берди. Ал Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргыз өлкөсүнө караштуу 400 гектар жер аянты. Ал жер дыйканчылыкка ыңгайлуу жана айылга жакын болгондуктан, Өзбекстандын Гүлбаар айылынын жанындагы жер тилкеси менен алмашылып жатканын, бирок документ иштери бүткөнү менен практикалык иштер аягына чыга электигин айтып, түшүндүрмө берди. Маалымат катчынын айтымында, жерди алмашуу кыргыз тараптын сунушу болгон.

"Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун пикирине таяна турган болсок, Араван жергесинин Төө-Моюн айыл аймагы алыскы таштак жана суу жетпеген айыл. Ал аймакта Керкидан суу сактагычы бар. Суу сактагычтын айланасындагы таштак жердин 400 гектары Аравандын кире беришиндеги жолдун боюна өтө жакын, анын жанында Өзбекстандын чек арасы бар.

Ошол жерди алмашуу боюнча кыргыз тарап сунуш берген экен. Сунуш берилгенине көп жыл болуп, Кыргыз-Өзбек алакасы бир калыпта тургандыктан бул маселе чечилбей келген. Бизге ыңгайлуу болгон үчүн алар бул маселени караган эмес. Эки тараптуу сүйлөшүлүп, келишимдин негизинде дилимитация иштери 2 жылдын аралыгында бүткөн. Бирок демаркация иштери, комиссия барып, казыкты кагып, мамы коюп практика жүзүндө эч нерсе боло элек. Практикалык иштер бүтө электигине карабай, өзбек тарап курулуш иштерин башташкан. Мындан улам жергиликтүү эл нааразычылык билдирип чыккан. Ал аймактын жашоочуларына айтылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, демаркация маселеси бүткөнчө казуу, куруу иштери токтотулсун деген чечим кабыл алынып, учурда иштер токтоп турат.

Кыргыз тарап сунуш берип, өзбек тарап кабыл алып, эки тараптын чечими менен ал жактагы иштер токтотулду. 27-сентябрдан кийин бул маселеге тиешелүү жыйындар өткөрүлөт. Жыйындан соң баары белгилүү болот. Жер өзбек тарапка өтүп кетти деген туура эмес. Кагаз иштери бүткөнү менен практика жүзүндө эч нерсе бүтө элек. Коопсуздук үчүн чек ара кызматкерлери абалды көзөмөлгө алууда", - деп билдирди өкмөт өкүлүнүн маалымат катчысы.

Эскерте кетсек,10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылып, эки тараптын пикир келишпестигине жем таштаган. Абал менен жеринен таанышкан Араван районунун акими окуя боюнча түшүндүрмө берген.
Ал эми кечээ, 11-сентябрда Ош шаарында Аравандагы абал боюнча өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн.

Андан көп өтпөй мамлекттик чек ара кызматы аталган окуя боюнча абал стабилдүү экенин айтып, расмий маалымат тараткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
12.09.2019. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
19-09-2019 12:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары тушунуктуу. Катчы коп суйлобой сатып жибердик деп эле ачык айтса болмок экен.
12.09.2019. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
18-06-2012
Соӊку аракети:
19-09-2019 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+3
Алмашпай эле өзүбүздүн жерди кайтарып бергиле. Таштак, суу жетпеген эмес ошол жерди ачып берсеңер, биздин жайыт маселеси да чечилет. Барып,билбей,көрбөй ар нерсени айтасыңар анан карапайым эл ошого ишенет. Алмашсак биз уттурабыз, таштак суу жетпеген эмес, сары топурактуу чөп коюу өскөн жер. Ошону алсак айылдын жайыт маселеси дээрлик 90% чечилет
12.09.2019. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
877
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2019 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
Админ ошол алмашкан жердерди устунон суротко тартып жуктогулочу
12.09.2019. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
19-09-2019 09:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз тараптын сунушу болсо эмнеге ошол жерде жашаган эл билбейт аны? Жооп алып бергиле суперчилер!
12.09.2019. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
19-09-2019 12:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке сатыда тымызын.
13.09.2019. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
19-09-2019 11:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Карталары менен жазгылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131369;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: