Катарда өтө турчу жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна кайсы кыргыз спортчулары барат?

27-сентябрда Доха шаарында женил атлетика боюнча 17-Дүйнө чемпиондугу старт алат. Аталган мелдеште жалпы 47 медалдар топтому ойнотулат.

Чемпиондукка катышуу үчүн жолдомону 2 кыргыз спортчусу утуп алган. Алар Мария Коробицкая жана Мусулман Жоломанов.

Коробицкая 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркаса, Жоломанов 1500 метр аралыкка чуркайт. Аталган Дүйнө чемпиондугу лицензиялык болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы менен 2020-жылы Токиодо өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алса болот.

Жеңил атлетика боюнча Токиодогу Олимпиада оюндарына спортчу Юлия Андреева Нур-Султанда өткөн марафонду жеңип, жолдомо утуп алган. Бул азыркы тапта жеңил атлетчилердин жалгыз жолдомосу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан