Кыргыз өлкөсүндө туулуп өскөн Ильзат Ахметов Орусиянын 21 жашка чейинки футболчулар арасында Анатолий Бышовец атындагы наамда мыкты үчилтикке кирди.
Маалым болгондой, биринчи орунду ЦСКА футбол клубунун оюнчусу Федор Чалов ээлесе, экинчи орунда Матвей Сафонов ("Краснодар") ээледи. Үчүнчү орунду Магомед-Шапи Сулейманов ("Краснодар") менен Ильзат Ахметов (ЦСКА) ээледи.
Номинацияга жалпы 27 футболчу катышкан. Жеңүүчүлөр профессионал футболчулар арасында сурамжылоодон аныкталган.