"Кыргыз-Тажик чек арасында чуулгандуу чыр чыкты. Кыргыз тарап чукул аракеттерди жасабаса, жерибиз Тажикстанга өткөнү калды" деп SUPER.KG порталы аркылуу Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаттары бийликке чукул кайрылуу жасады.
Айылдык кеңештин депутаттары Сапарали Бөрүбаев жана Шайырбек Орозалиевдин айтымында, такталбаган жерге Тажикстан тарап шагыл түшүрүп, куруу иштерин баштаган.
"Баткен районунун үч айыл өкмөтү анклав болгону турат. Себеби биздин тарыхый жерибизге тажик тарап шагыл төгүп, куруу объекттерин баштады. Чукул аракеттерди көрбөсөк, абалыбыз оор", - дейт Катыраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев.