Кемерово шаарында "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн каза болгондордун элесине арналып сейил бак ачылды

Кемерово шаарында "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн каза болгондордун элесине арналып сейил бак ачылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун ордуна 60 карагай отургузулду. Сейил бактын ичинде кырсыктан каза болгондордун ар биринин аты жазылган. Сейил бактын жанына жашоочулардын суранычы менен жаңы борбор курулган. Анын ачылышы 2019-жылдын аягында же 2020-жылдын башында өтөрү пландалууда.

Былтыр март айында аталган соода борборунда тилсиз жоодон 60 адам, анын ичинде 37 бала каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан