Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районунун Максат айылы тарабындагы чек ара аймагына керектүү шаймандарын алып келип, курулуш иштерин кайра баштаганы турат. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов SUPER.KG порталына билдирип, азыркы учурда аталган аймакта экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.
"Азыркы учурда Кыргыз-Тажик чек арасында турам. Тажик тарап керектүү каражаттарын алып келип, курулуш иштерин баштап жатышат", - деди ал.
Буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган. Андан көп өтпөй Лейлектен келген айылдык кеңештин депутаттары SUPER.KG порталы аркылуу бийликке кайрылуу жасаган.
Ал эми кечээ, 15-сентябрда мамлекеттик чек ара кызматынан аталган аймактагы абал боюнча маалымат тараткан. Бүгүн, 16-сентябрда райондун акими Баймурат Бекмуратов эртең менен аталган аймакка бара турганын билдирген.