Окуу китептерин жакшыртууга арналган жаңы баяндама жарык көрдү

Булан институнун Женева шаарындагы башкы кеңсеси бүгүн, 16-сентябрда “Кыргыз Республикасында мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуу маселелери” деген аталыштагы жаңы баяндамасын жарыялады.

Анда Кыргыз өлкөсүндөгү окуу китептерин чыгаруунун тарыхы жана калыптанышы, окуу китептерин чыгаруу боюнча мыйзамдык база жана анын тартибин аныктаган нормалар, окуу китебин чыгарууга катышкан тараптардын функциялары жана жоопкерчиликтери анализденген. Мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр дагы аталган баяндамада камтылып кеткен.

Баяндамада окуу китептерин чыгаруунун каржылык булактары анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк берген каражаттарга да сереп салынган.

Институттун директору Чолпон Орозобекова баяндамага материалдарды топтоо 4 айга созулганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

Бул баяндамада окуу китептерин чыгаруунун бардык жол-жобосуна, катышкан тараптардын милдеттерине, катачылыктарына жана уюштуруу нормалары менен уюштуруу процессиндеги бардык мүчүлүштүктөргө терең анализ берет.

Биздин анализдер мамлекет катары Кыргыз өлкөсүнүн окуу китептерин иштеп чыгуу, тандоо, бекитүү жана чыгаруу боюнча ырааттуу мамлекеттик систем түптөй албагандыгын көрсөттү. Буга биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрлигинин ишти уюштура албаган шалаакылыгы жана кесипкөй мамиле жасай албагандыгы себеп болууда.

Бул катачылыктар соңку он, он беш жыл ичинде системдүү орун алып келип, Дүйнөлүк банк берген каражатка 5-6-класстардын окуу китептерин 3 жарым миллион нускада чыгаруу процесси чоң сыноо болду. Баяндамада ондон ашык корутундуларды жаздык. Жаңы эле ишке киришкен министр Каныбек Исаков биздин сунуштарды эске алуу менен бул багытта чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенебиз”, - деди Орозбекова.

Буга чейин аталган институт Кыргыз өлкөсүндөгү мектептердин бюджеттен жана бюджеттен сырткары каржыланышы, мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана айлыгы, мектеп коопсуздугу жана абалы начар абалдагы мектептер боюнча көлөмдүү баяндамаларын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан